Окумуштуулар ВИЧтин оорулуу клеткадан таза клеткага өтүп жаткан учурун белгилеп кала алышкан. Анын үстүнө вирус бул кыймылды илимде буга чейин белгилүү болбогон жол менен жасайт. Telegraph.co.uk. билдиргендей, бул революциялык ачылыш буга чейин 25 миллион адамдын өмүрүн алып кеткен вирусту жеңе ала турган вакцинаны жаратууга жардам берери божомолдонот.
Ачылыш окумуштуулар иштеп чыккан инфекциялык ВИЧтин молекулярдык клонун жаратуунун аркасында мүмкүн болду. Бул вирус кадимки вирустан эч айырмаланбайт, анын генетикалык кодуна жасалма түрүндө сиңирилген белоктон башкасы. Бул белок көк нурлардын аракети менен жашыл түстө күйө баштайт. Жазууну окуу »
Архив March 2009 айы
ВИЧти видеого тартуу, бул вирус жөнүндөгү түшүнүктөрдү өзгөрттү
ВИЧ-оорулуу балдардын 5%дан ашыгы дарылануусуз ж үрө алышат
Thebody.com сайты АКШда ВИЧ-оорулуу балдарды излдөөнү жетектеген доктор Рохан Хазра (Rohan Hazra) менен болгон интервьюну жарыялаган. Бул изилдөөгө энелеринен кош бойлуу кезде же төрөт учурунда ВИЧ-инфекция жуккан 450 бала катышкан. Мындай балдардын жаш курагы 7 ден16 жашты түзөт. Окумуштуулар ВИЧ
балдардын акылынын жана денесинин өсүшүнө , скелетине, жүрөгүнө, бөйрөгүнө жана бооруна кандай таасир берерин аныктоону каалашкан. Бирок окумуштуулардын эң таң калыштуу ачылышы – бул балдардын 5%дан ашыгы «узак жашоочулар» же нонпрогрессорлор болуп чыккандыгында болду. Бул алардын оорусу өрчүбөй жана ВИЧ менен көп убакыт жашагандан кийин дагы алар дарылануусуз эле жашай бере алышат дегендикти билдирет. Нонпрогрессорлор чоңдордун арасында да кездешеит, бирок алар абдан аз. Окумуштуулар балдардын мындай тобун изилдеп, аларды башкалардан эмне айырмалап тураарын аныктоону чечишти. Жазууну окуу »
Астерия фонду
“Астерия” Коомдук Фонду “РАНАР” коомдук уюмунун алдындагы кичи уюм болуп саналат, 2007-жылдын12- июнунда катталган.
Байланыштыруучу адам – директор Ермолаева Ирена, инъекциялык баңгизаттарды керектөөчү аялдар менен оозеки маектешүү үчүн “равный-равному” кеңешчиси
Фонддун кызматкерлери:
Халипова Елена – соц. кызматкер, ВИЧ менен жашаган менен оозеки маектешүү үчүн “равный-равному” кеңешчиси
Токомбаева Мадина – кеңешчи- эксперт.
Дареги – Бишкек шаары, “Юг – 2″к/р 21- 55
Телефон – (0312)59-10-44; (0312)93-57-07
Факс – (0312)93-57-07 Жазууну окуу »
Аян-Дельта
“Аян-Дельта” Коомдук бирикмеси НПО Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигинде 2000-жылдын 17-октябрында катталган
Байланыштыруучу адам – Жетекчиси Чудайкин Владимир Афанасьевич
Дареги – Кыргыз Республикасы, Токмок шаары, Гагарин кө ч. 64
Телефон – (0-3138) 2-05-95
Факс – (0-3138) 6-18-21
Электрондук почта – delta57@mail.ru
Ишеним телефону – (0 3138 2-05-95). Жазууну окуу »
Таис Плюс
“Таис Плюс” коомдук бирикме секс-кызматкерлеринин демилгеси менен алардын каражатына түзүлүп, 2000-жылы катталган.
Байланыштыруучу адам – уюмдун башчысы Шахназ Исламова
Кеңешчи – Гульнара Курманова
Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Панфилов кө ч. 36 үй
Телефон: +996 (312) 544613
E-mail: taisplus@gmail.com Жазууну окуу »
Турнанын кыйкырыгы
“Турнанын кыйкырыгы” коомдук бирикмеси 2008-жылдын 10-октябрында катталган.
Байланыщтыруучу адам – аткаруучу директор Курбанова Азиза Турсунбаевна
Дареги – Кыргыз Республикасы Ош шаары, Алымбекова көч. 33
Телефон - (03222)27988, (0550) 242 955
E-mail – azizakurbanova@mail.ru Жазууну окуу »
Оорунун ачылуу тарыхы
1981-жылы АКШ дагы ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) Лос-Анджелесте жана Нью-Йоркто жаш гомосексуалдардын арасында 5 жолу пневмоцисттик пневмония жана 28 жолу саркома Капоши табылгандыгы жө нү ндө билдиришти. 1982-жылы (Acquired Immune Deficiency Syndrome) б.а. СПИД деген аталыш пайда болду. Ал кезде бул оруну төрт «Н»дин (Эйч) оорусу деп аташкан, англисче сөздөрдүн баш тамгаларын алышкан – гомосексуалдар, гемофилия менен ооругандар, гаитяндар жана героин.
1983-жылы француздук жана америкалык окумуштуулар оорунун вирустук жаратылышын таап чыгышкан.
1985-жылы ВИЧ дененин суюк чөйрөсү: кан, сперма ж.б. аркылуу жугары табылган. Ушул эле жылы ВИЧке жасалуучу биринчи тест иштелип чыккан, анын негизинде АКШда жана Японияда донордук кандарды жана анын препараттарын текшерүүгө киришишкен. 1986-жылы европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө ВИЧке кан текшере башташкан.
1986-жылы вирус HIV – адамдын иммуножетишсиздик вирусу (ВИЧ) деп аталып калган.
1987-жылы СПИД боюнча ВОЗ Глобалдык программасы уюштурулган, ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясы аркылуу СПИД менен күрөшүүнүн глобалдык стратегиясы кабыл алынган. Ушул эле жылы көптөгөн өлкөлөрдө оорулууларды дарылоого вируска каршы биринчи препарат-азидотимиддин (зидовудин, ретровир) киргизилген.
1996-жылы СПИД боюнча ВОЗ Глобалдык программасынын ордуна ООНдун бардык алты агенттиги ВОЗ, ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО, UNPA (ООНдун калк Фонду ), UNDP (ООНдун өнүгүү Фонду) жана Бүткүл дүйнөлүк банк катышкан СПИД боюнча ООНдун (UNAIDS) Бириккен программасы түзүлгөн.
ВИЧтин келип чыгышын божомолдоолор
ВИЧтин келип чыгышы жөнүндө бирдей ойлор жок. Окумуштуулар көптөгөн божомолдоолорду сунуш кылышат.
Табигый келип чыгышы
Окумуштуулардын бир бөлүгү СПИД-бул адамдын жаңы оорусу экендигин, анын козгогучу ХХ-кылымдын экинчи жарымында эволюциялык түрдө калыптангадыгын далилдешет. Алар бул вирусту адегенде Борбордук Африканын кээ бир аймактарында пайда болгон деп эсептешет, балким эчактан бери эле планетанын ушул аймагынын калкында гана таралып келген. Африкалык аймактын элинин жашоо мөөнөтүнүн узак эместиги дал ушуну менен түшүндүрүлөт. Ошентип ВОЗдун эксперттеринин ою боюнча Африкада СПИД эпидемиясы 70-жылдардын башында башталган, андан кийин Гаитиде таралып, ал жерден АКШ га кирген, андан соң бүткүл дүйнө жүзү боюнча таралган.
Эпидемиянын бирден бир себеби ВИЧке окшогон африкалык жашыл маймылдардын вирусу болушу ыктымал. Мүмкүн, маймылдын вирусунун мутация учурунда түрлөр ортосундагы тоскоолдукту жеңип, адамдын клеткаларын бузууга жөндөмдүү микроб пайда болгон. Ал эми микробдун берилиши Африканын кээ бир элдери маймылдын этин тамакка колдонгондугуна байланыштуу болуш керек.
Түрлөр аралык алмашуу жагын караганда, азыркы учурда СПИДдин ушундай оор жана адамды өлүмгө алып баруучу инфекция экендиги түшүнүктүү болуп турат. Мындай агым тарыхый узакка туруштук берген инфекциялар үчүн мүнөздүү эмес.
СПИДдин козгогучу кандай жол менен түр тоскоолун жеңгендиги ,бул көрүнүштүн негизинде кандай механизм жаткандыгы жөнүндөгү суроо чечилбей турат.
Врачтын катасы
ВИЧтин пайда болуусунун дагы бир болжолдуу себеби-бул жыйырманчы кылымдын элүүнчү жылдарында полиомиелитке каршы дары жасоо аракетинин учурунда врачтык катанын кетирилишинин жыйынтыгынан турат. Дарыны жасоо үчүн маймылдын белгилүү түрлөрүнүн боор клеткалары пайдаланылган. Дарыны сыноо ошол жерлердин африкалык жашоочуларына жүргүзүлгөн, кийинчерээк ВИЧ оорулуу адамдардын эң көп саны ошол жерлерде байкалган.
Биологиялык курал
Кээ бир изхилдөөчүлөрдүн ою боюнча, ВИЧ ХХ-кылымдын 70-жылдарында АКШнын ЦРУсу тарабынан адамдын иммундук системасын бузууга багытталган биологиялык куралды түзүү максатында жүргүзүлгөн тажрыйбанын жыйынтыгы. Кээ бир өлкөлөрдүн чалгындоо маалыматтарына караганда, Пентагондо ВИЧ менен ооруган адамдын организминде жүрүүчү процесске толук дал келген кандайдыр бир препараттын аракетин баяндоочу документтер болгон. Бул биологиялык затты даярдоонун конкреттүү убагы да болгон. Анын үстүнө даярдоо убагынын аякташы Африкадагы ВИЧ-инфекциянын тарашына толук дал келген.
«Тарыхый» оору
ВИЧтин адамга маймылдан берилгендиги тууралуу божомолдоого ишенбей турган кээ бир фактылар бар. ХХ-кылымдын 60-жылдарынын аягында белгисиз оорудан каза тапкан жана изилдөө үчүн тоң дурулуп коюлган гомосексуалисттин тканында ВИЧ табылган. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр бул вирустун мутация ылдамдыгы мурдагы айтылгандарга караганда бир топ кичине экендигин көрсөткөн. Мутациянын мындай ылдамдыгы менен Африкада табылган ВИЧ Европада табылган вирустун формасына мурда берилген убакытта өтүп кете алган эмес.
Кээ бир окумуштуулар ВИЧ адамдардын өздөрүнүнүн организминде көптөгөн кылымдар бою өзгөрүп келген деп эсептешет. Он тогузунчу кылымдын аягындагы медицина боюнча кээ бир макалаларда СПИДге абдан окшош белгисизоорулар жө нү ндө окуялар баяндалган. Ушундан улам СПИДдин жашы жүз жылдар, алтургай миң жылдар менен өлчөлөт.
ВИЧтин территориялык таркалышы
ВИЧ өзүнүн акыркы формасында СПИД алгач ХХ-кылымдын 80-жылдарынын башында АКШда түшүндүрүлгөн. 80-жылдардын ичинде бул инфекцияны жугузган адамдардын саны үч жүздөн жүз алтымыш миң кишиге чейин өскөн. Ошол эле мезгилде ВИЧ-инфекция Европа, Азия жана Австралия континенттеринде өтө тездик менен тарап жатты.
Бул оору бүгүнкү күндө дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө белгиленген. Оорулуулардын эң көп саны Африкада, Америкада жана Европанын кээ бир өлкөлөрүндө катталган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча ВИЧ оорулуу адамдардын саны дүйнө жүзүндө 46 миллиондон ашык.
Советтер Союзунда ВИЧ биринчи жолу 1986-жылы катталган. Оорунун алгач окуялары бащаламан жыныс катнашын жүргүзгөн, көбүнчө Африкадан келген студенттер менен жыныс байланышта болгон адамдарда байкалган. Мындан тышкары оорулуулардын көпттөгөн саны гомосексуалисттердин ичинен чыга баштаган. Ошентсе да оорулуулардын саны башка өлкөлөргө салыштырмалуу СССРде абдан ылдый болгон. ХХ-кылымдын 80-жылдарынын аягында өлкө боюнча миң ден ашык оору жугуулар табылган, ошол эле учурда башка өлкөлөрдө бул оору он миңдеген өмүрлөрдү алып кеткен.
Бирок ХХI-кылымдын башында Россияда 350 миң оору катталса, Кыргызстанда 1000ден ашык жугузуулар катталган.
ВИЧти жугузуу тобокели дени сак адам менен оорулуу адамдын суюктуктарынын (кан, сперма, аялдын көңдөй суюктугу, эне сүтү ) байланышынан пайда болот.
