Жизнь впереди

Жизнь впереди

Архив November 2009 айы

Терапия

Жазылды %s admin ноября - 17 - 2009

Суроо: Баңгизатты керектөөгө жана дайындалган терапияга тиешелүү мындай суроо пайда болду. Албетте, түшүнүктүү, мунун баары укмуштуудай жаман, бири экинчисине каршы «жашагың келсе эч кандай психотроптук жана баңгизаттардын кереги жок» ж. б. Мунун баары ансыз деле түшүнүктүү. Бирок, ушундай болуп калгандан кийин – терапияны токтотууга болбойт, ал эми баңгизатты таштоого кыйын болуп жатса, экөөнү бириктирүүгө болобу? А эгерде баңгизаттан дарылануу үчүн ооруканага жатып калса, анда терапия эмне болот? Үзгүлтүккө учуратууга болбойт да?

Жооп: Колдон келсе, АРВТны баңгизаттар менен бириктирбөө керек, анткени алардын кээ бирлери АРВ-препараттарынын аралашмасын же жогорулатып, же төмөндөтүп жиберет. Эгер ооруканага жатып калган болсо, баары бир терапияны үзүүгө болбойт. Жазууну окуу »

Обсудить на форуме - (1) Posts

Восток-Запад СПИД Фонду

Жазылды %s admin ноября - 17 - 2009

untitled-2-copy«Восток-Запад СПИД Фонду» (AIDS Foundation East-West – AFEW) – голландиялык өкмөттүк эмес гуманитардык уюм, ал коомдук саламаттык сактоо жагынан иш алып барат, максаты – Чыгыш Еропада жана Борбор Азияда ВИЧ-инфекциянын таасирин төмөндөтүү. AFEW жаңыча жана проактивдүү мамилелерди колдонуп, эл аралык жана аймактык деңгээлдерде билим алмашууга активдүү көмөктөшүүдө .
Мамлекеттик жана өкмөттүк эмес шериктеш уюмдар менен бирдикте ВИЧ менен жашаган адамдардын жана эпидемияга дуушар болгон коомдордун жыргалчылыгы үчүн иштөөдө AFEW:
- ВИЧ-инфекциянын таркашын эскертүүгө,
- унивесалдык дарыланууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, кам көрүү жана колдоого ошондой эле аймакта эпидемиянын оордугун жеңилдетүү максатында актуалдуу көйгөйлөргө көңүл бурдурууга багытталган программаларды өткөрөт жана колдойт.
Негизги багыттар:
- ВИЧ/СПИД жаатында саясатты өзгөртүүгө көмөктөшүү
- Тейлөө системасын жакшыртуу Жазууну окуу »

Обсудить на форуме - (1) Posts