«Восток-Запад СПИД Фонду» (AIDS Foundation East-West – AFEW) – голландиялык өкмөттүк эмес гуманитардык уюм, ал коомдук саламаттык сактоо жагынан иш алып барат, максаты – Чыгыш Еропада жана Борбор Азияда ВИЧ-инфекциянын таасирин төмөндөтүү. AFEW жаңыча жана проактивдүү мамилелерди колдонуп, эл аралык жана аймактык деңгээлдерде билим алмашууга активдүү көмөктөшүүдө .
Мамлекеттик жана өкмөттүк эмес шериктеш уюмдар менен бирдикте ВИЧ менен жашаган адамдардын жана эпидемияга дуушар болгон коомдордун жыргалчылыгы үчүн иштөөдө AFEW:
- ВИЧ-инфекциянын таркашын эскертүүгө,
- унивесалдык дарыланууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, кам көрүү жана колдоого ошондой эле аймакта эпидемиянын оордугун жеңилдетүү максатында актуалдуу көйгөйлөргө көңүл бурдурууга багытталган программаларды өткөрөт жана колдойт.
Негизги багыттар:
- ВИЧ/СПИД жаатында саясатты өзгөртүүгө көмөктөшүү
- Тейлөө системасын жакшыртуу
- Аялуу коомдорго колдоо көрсөтүү жана мобилизациялоо
Пропагандалануучу мамилелер жана стратегиялар
- Долбоордук бенефициарлардын ((БИК, СК соттолгондор жана ВЖА) болгон медициналык, психосоциалдык жана юридикалык тейлөөлөргө универсалдык жеткиликтүүлүгү. – Өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген интервенциялардын комплекстүү топтому катары баңгизаттарга болгон талаптын жана анын зыяндуулугунун төмөндөшү. – ВИЧтин жана ко-инфекциянын ВИЧ+кургак учуктун алдын алуу жагынан социалдык коштоо, ВЖА кургак учукка каршы жана АРВ- дарылоодну жактоочулукта кам көрүү жана колдоо көрсөтүү .
- Клиенттерге жолдомо берүү үчүн тейлөө көрсөтүүчүлөрдүн иш аракеттеги тармагы.
- Жаштарга достук мамилеге негизделген тейлөөлөр.
- Маалымдоо жана коомдун мамилесин өзгөртүү жолу менен ВЖА жана алардын чөйрөсү менен тилектештикти калыптандыруу
M&E иш чаралары
- Сайтка Үзгүлтүксүз кирүүлөр
- Тренингдерди баалоо
- Социалдык коштоонун мониторингинин системасы (CMMS)
- Долбоорду ишке ашырып жаткан өлкөлөрдө максаттуу топтордун муктаждыктарын изилдөө , ЖЕТКИЛИКТүҮЛҮК жана ВИЧ жана кургак учук кызматынын багыттарынын механизмин баалоо.
Долбоорлор
“ЖЕТКИЛИКТҮЛҮК. Борбор Азиядагы ВИЧ/СПИД жана Кургак учук//ВИЧ жагында биргелещип күч жумшоо” Донор: Нидерланддардын тышкы иштер Министрлигинин MFS Программасы, Узактыгы: 2008-жылдын 1-январынан 2010-жылдын 31-декабрына чейин.
«Борбор Азиядагы аялуу топтор үчүн ВИЧ/СПИД жагын алдын алууга, дарыланууга, кам көрүүгө жана колдоого жеткиликтүүлүктү жакшыртуу» Донор: Борбор Азиядагы СПИДди көзөмөлдөө боюнча долбоордун аймактык фонду. Узактыгы : 2009-жылдын 8-январынан 2010-жылдын 28-февралына чейин.
Ош областындагы ВИЧ эпидемиясына туш болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коштоо” Донор: ЮНИСЕФ, узактыгы: 2009-жылдын 21-апрелинен 2010-жылдын 28-февралына чейин
Зыяндуулукту төмөндөтүү жана ВИЧ-инфекциянын алдын алуу жагынан ИИБнүн кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу»
Жетишкендиктер
Ар түркүн максаттуу топтор үчүн ((БИК, СК, Соттолгондор, ВЖА жана алардын чөйрөсү ) 11 социалдык бюро түзүлүп, ийгиликтүү иштеп жатышат. ЦАРда биринчи жолу ВИЧ менен үй-бүлөлөр +балдары үчүн Коопсуздук Кызматы уюштурулду.
«ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮК» долбоорунун КУ//ВИЧ, саламаттыгын коргоо жана УИСке социалдык коштоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топторуна техникалык колдоо көрсөтүүсү.
Аймактык 4 борбор ачылып, колдоого алынууда.
Жалпы тиражы 8000 нускадагы 4 маалымат каражаттары басылып чыкты.
Амстердамдагы зыяндуулукту төмөндөтүү программаларынын тажрыйбасын өздөштүрүү боюнча окутуу туру өткөрүлдү.
“;ВИЧ жана КУ: кош эпидемиянын сабактары жана чакырыктары” аттуу 1-борборазиялык конференция ө тү лү п, 5 мамлекеттен 107 катышуучу катышты, Ысык-Көл.
КР ИИБнүн кызматкерлери үчүн өздүк курамдын жана калктын аялуу топторунун арасында ВИЧ жана СПИДдин алдын алуу боюнча Инструкцияны өздөштүрүү боюнча укук коргоо органдарынын 530 кызматкерлери үчүн 15 семинар өтүлгөн.
ВИЧтин алдын алууда медициналык айымдардын ролун күчөтүү (Пациенттин мектеби)
Кыргызстандын саламаттык сактоо Министрлиги медициналык айымдар үчүн кызматтык инструкцияларды бекитти.
Тейлөө провайдерлери үчүн 8 тренинг болуп өттү, ага 165 катышуучу, 11 шериктеш уюмдар катышып, 2009-жылдын ичинде жалпы суммасы 282048,34 $ түзгөн гранттарды алышты.
2009-жылдын 30 июлунан 6-августуна чейин “КУ жана ВИЧ” кургак учукка каршы мекемелердин клиницист-врачтары, СПИД-кызматтарынын инфекционисттери жана адистери (алардын саны 68) үчүн 2 семинар өтүлдү.
МЖАБнын (ГУИН) медициналык бөлүмү үчүн 5000 еврого дезкаражаттар жана бактерициддик лампалар сатылып, коюлган.
ИК№47деги 214 соттолгондор үчүн 7 семинар өтүлдү , 14 теңдеш тренерлер даярдалды, алар ВИЧ, ЖЖБИ, КУ, баңгизатты керектөөнүн зыяндуулугу маселелери боюнча камактагы 170 адам үчүн 8 маалымат сессияларын өткөрүштү.
Байланыштар:
natalya_shumskaya@afew.org
www.afew.org

…
интересный пост…