1981-жылы АКШ дагы ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) Лос-Анджелесте жана Нью-Йоркто жаш гомосексуалдардын арасында 5 жолу пневмоцисттик пневмония жана 28 жолу саркома Капоши табылгандыгы жө нү ндө билдиришти. 1982-жылы (Acquired Immune Deficiency Syndrome) б.а. СПИД деген аталыш пайда болду. Ал кезде бул оруну төрт «Н»дин (Эйч) оорусу деп аташкан, англисче сөздөрдүн баш тамгаларын алышкан – гомосексуалдар, гемофилия менен ооругандар, гаитяндар жана героин.
1983-жылы француздук жана америкалык окумуштуулар оорунун вирустук жаратылышын таап чыгышкан.
1985-жылы ВИЧ дененин суюк чөйрөсү: кан, сперма ж.б. аркылуу жугары табылган. Ушул эле жылы ВИЧке жасалуучу биринчи тест иштелип чыккан, анын негизинде АКШда жана Японияда донордук кандарды жана анын препараттарын текшерүүгө киришишкен. 1986-жылы европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө ВИЧке кан текшере башташкан.
1986-жылы вирус HIV – адамдын иммуножетишсиздик вирусу (ВИЧ) деп аталып калган.
1987-жылы СПИД боюнча ВОЗ Глобалдык программасы уюштурулган, ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясы аркылуу СПИД менен күрөшүүнүн глобалдык стратегиясы кабыл алынган. Ушул эле жылы көптөгөн өлкөлөрдө оорулууларды дарылоого вируска каршы биринчи препарат-азидотимиддин (зидовудин, ретровир) киргизилген.
1996-жылы СПИД боюнча ВОЗ Глобалдык программасынын ордуна ООНдун бардык алты агенттиги ВОЗ, ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО, UNPA (ООНдун калк Фонду ), UNDP (ООНдун өнүгүү Фонду) жана Бүткүл дүйнөлүк банк катышкан СПИД боюнча ООНдун (UNAIDS) Бириккен программасы түзүлгөн.
Рубриканын архиви ‘Справочник’
Оорунун ачылуу тарыхы
ВИЧтин келип чыгышын божомолдоолор
ВИЧтин келип чыгышы жөнүндө бирдей ойлор жок. Окумуштуулар көптөгөн божомолдоолорду сунуш кылышат.
Табигый келип чыгышы
Окумуштуулардын бир бөлүгү СПИД-бул адамдын жаңы оорусу экендигин, анын козгогучу ХХ-кылымдын экинчи жарымында эволюциялык түрдө калыптангадыгын далилдешет. Алар бул вирусту адегенде Борбордук Африканын кээ бир аймактарында пайда болгон деп эсептешет, балким эчактан бери эле планетанын ушул аймагынын калкында гана таралып келген. Африкалык аймактын элинин жашоо мөөнөтүнүн узак эместиги дал ушуну менен түшүндүрүлөт. Ошентип ВОЗдун эксперттеринин ою боюнча Африкада СПИД эпидемиясы 70-жылдардын башында башталган, андан кийин Гаитиде таралып, ал жерден АКШ га кирген, андан соң бүткүл дүйнө жүзү боюнча таралган.
Эпидемиянын бирден бир себеби ВИЧке окшогон африкалык жашыл маймылдардын вирусу болушу ыктымал. Мүмкүн, маймылдын вирусунун мутация учурунда түрлөр ортосундагы тоскоолдукту жеңип, адамдын клеткаларын бузууга жөндөмдүү микроб пайда болгон. Ал эми микробдун берилиши Африканын кээ бир элдери маймылдын этин тамакка колдонгондугуна байланыштуу болуш керек.
Түрлөр аралык алмашуу жагын караганда, азыркы учурда СПИДдин ушундай оор жана адамды өлүмгө алып баруучу инфекция экендиги түшүнүктүү болуп турат. Мындай агым тарыхый узакка туруштук берген инфекциялар үчүн мүнөздүү эмес.
СПИДдин козгогучу кандай жол менен түр тоскоолун жеңгендиги ,бул көрүнүштүн негизинде кандай механизм жаткандыгы жөнүндөгү суроо чечилбей турат.
Врачтын катасы
ВИЧтин пайда болуусунун дагы бир болжолдуу себеби-бул жыйырманчы кылымдын элүүнчү жылдарында полиомиелитке каршы дары жасоо аракетинин учурунда врачтык катанын кетирилишинин жыйынтыгынан турат. Дарыны жасоо үчүн маймылдын белгилүү түрлөрүнүн боор клеткалары пайдаланылган. Дарыны сыноо ошол жерлердин африкалык жашоочуларына жүргүзүлгөн, кийинчерээк ВИЧ оорулуу адамдардын эң көп саны ошол жерлерде байкалган.
Биологиялык курал
Кээ бир изхилдөөчүлөрдүн ою боюнча, ВИЧ ХХ-кылымдын 70-жылдарында АКШнын ЦРУсу тарабынан адамдын иммундук системасын бузууга багытталган биологиялык куралды түзүү максатында жүргүзүлгөн тажрыйбанын жыйынтыгы. Кээ бир өлкөлөрдүн чалгындоо маалыматтарына караганда, Пентагондо ВИЧ менен ооруган адамдын организминде жүрүүчү процесске толук дал келген кандайдыр бир препараттын аракетин баяндоочу документтер болгон. Бул биологиялык затты даярдоонун конкреттүү убагы да болгон. Анын үстүнө даярдоо убагынын аякташы Африкадагы ВИЧ-инфекциянын тарашына толук дал келген.
«Тарыхый» оору
ВИЧтин адамга маймылдан берилгендиги тууралуу божомолдоого ишенбей турган кээ бир фактылар бар. ХХ-кылымдын 60-жылдарынын аягында белгисиз оорудан каза тапкан жана изилдөө үчүн тоң дурулуп коюлган гомосексуалисттин тканында ВИЧ табылган. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр бул вирустун мутация ылдамдыгы мурдагы айтылгандарга караганда бир топ кичине экендигин көрсөткөн. Мутациянын мындай ылдамдыгы менен Африкада табылган ВИЧ Европада табылган вирустун формасына мурда берилген убакытта өтүп кете алган эмес.
Кээ бир окумуштуулар ВИЧ адамдардын өздөрүнүнүн организминде көптөгөн кылымдар бою өзгөрүп келген деп эсептешет. Он тогузунчу кылымдын аягындагы медицина боюнча кээ бир макалаларда СПИДге абдан окшош белгисизоорулар жө нү ндө окуялар баяндалган. Ушундан улам СПИДдин жашы жүз жылдар, алтургай миң жылдар менен өлчөлөт.
ВИЧтин территориялык таркалышы
ВИЧ өзүнүн акыркы формасында СПИД алгач ХХ-кылымдын 80-жылдарынын башында АКШда түшүндүрүлгөн. 80-жылдардын ичинде бул инфекцияны жугузган адамдардын саны үч жүздөн жүз алтымыш миң кишиге чейин өскөн. Ошол эле мезгилде ВИЧ-инфекция Европа, Азия жана Австралия континенттеринде өтө тездик менен тарап жатты.
Бул оору бүгүнкү күндө дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө белгиленген. Оорулуулардын эң көп саны Африкада, Америкада жана Европанын кээ бир өлкөлөрүндө катталган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча ВИЧ оорулуу адамдардын саны дүйнө жүзүндө 46 миллиондон ашык.
Советтер Союзунда ВИЧ биринчи жолу 1986-жылы катталган. Оорунун алгач окуялары бащаламан жыныс катнашын жүргүзгөн, көбүнчө Африкадан келген студенттер менен жыныс байланышта болгон адамдарда байкалган. Мындан тышкары оорулуулардын көпттөгөн саны гомосексуалисттердин ичинен чыга баштаган. Ошентсе да оорулуулардын саны башка өлкөлөргө салыштырмалуу СССРде абдан ылдый болгон. ХХ-кылымдын 80-жылдарынын аягында өлкө боюнча миң ден ашык оору жугуулар табылган, ошол эле учурда башка өлкөлөрдө бул оору он миңдеген өмүрлөрдү алып кеткен.
Бирок ХХI-кылымдын башында Россияда 350 миң оору катталса, Кыргызстанда 1000ден ашык жугузуулар катталган.
ВИЧти жугузуу тобокели дени сак адам менен оорулуу адамдын суюктуктарынын (кан, сперма, аялдын көңдөй суюктугу, эне сүтү ) байланышынан пайда болот.
ВИЧ канткенде жугат:
• Баңгизаттарды ВИЧ оорулуу адам менен бир эле шприц аркылуу тамырга куюуда. Бир жолку куюуда жугузуу ыктымалы 95%.
• Эркектер арасындагы гомосексуалдык жыныс байланышта же оорулуу кыздар менен аналдык жыныс байланышында. Бир жолку жыныс тык байланышта жугузуу ыктымалы 50%.
• Адаттагы жыныс байлагнышында (эркек + аял) жугузуу ыктымалы 1% (100 жыныс байланышына 1 жугузуу). Аялдан эркекке жукканга караганда эркектен аялга жугуу ыктымалы болжол менен 20 эсе жогору. Жыныс жолу менен берилүүчү кошумча оорулар болсо, ВИЧ тин жугуу тобокели жогорулайт.
• Канды жана анын компоненттерин куюуда. Жугузуу ыктымалы 95%. Тез-тез кан куйдуруп турган адамдар массалык түрдө жугузушат.
• Зыянсыздандырылбаган хирургиялык, гинекологиялык жана башка медициналык шаймандарды колднууда.
• ВИЧ оорулуу адамдардын органдарын жана ткандарын салганда.
• Жасалма түрдө уруктандырууда (пробиркадагы балдар)
• Кош бойлуу мезгилде плацента аркылуу жанан эмчек эмизген кезде сүт аркылуу энеден балага жугат. Европа өлкөлөрүндө жугузуу ыктымалы оорулуу энеден 12%, Африка өлкөлөрүндө 45-48% жетет.
• Оорулуулардан медицина кызматкерлерине же тескерисинче. ВИЧ оорулуулардын каны менен булганган курч нерседен жаракат алуудан жугузуу ыктымалы 0,3 %.
ВИЧ-инфекцияны жугузуу тобокели кимдерде көбүрөөк:
• Баңгизатты инъекция менен колдонгондор
• Гомосексуалдар.
• Сойкулар.
• Аналдык сексти колдангон адамдар.
• Бир нече жыныс түгөйү бар адамдар, өзгөчө презерватив колдонбосо.
• Башка дагы жыныс жолу менен берилүүчү оорулары бар адамдар.
• Кан жана анын компоненттерин куюуга муктаж болгон адамдар.
• Гемодиализге муктаж болгон адамдар («жасалма бөйрөккө»).
• ВИЧ менен ооруган энелердин балдары.
• ВИЧ оорулуу адамдар менен контакт болгон медициналык кызматкерлер.
ВИЧ төмөнкү учурларда жукпайт:
• Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө. Бирок жугузуунун кээ бир тобокели бар, эгерде биологиялык суюктуктарда (шилекей, көздүн жашы, тер, сийдик, заң ) кан аралаш болсо.
• Кол алышууда. Колдо жаракаты; тытылган, кесилген жери болгон учурда дагы кол алышкан кезде ВИЧи бар кан башка кишинин дагы канап турган жаңы жаракатына тийсе гана жугат. Ансыз деле колу канап турган киши менен өзүңдүн колуң канап турса таанышпвйт болушуң керек.
• Кучакташканда жана өбүшкөндө. Өбүшкөндө ВИЧ жугуш үчүн эки адамдын тең канаган ачык жаракаты болуш керек, ошол эле учурда ВИЧ оорулуу адамдын вирусу өтө жогору болушу керек.
• Бир тамакты же ичимдикти колдонгондо.
• Бассейнде, мончодо, саунада. ВИЧи бар суюктук сууга түшкөндө вирус өлөт.
• Курт-кумурсканын чакканынан. Чиркей чакканда мурдагы чаккан адамдын канын эмес, өзүнүн шилекейин чачат, ал шилекейде ВИЧ болбойт. Бул вирус чиркейдин же бардык эле кан соргучтардын организминде көбөйө албайт, ошондуктан алардын организмине түшкөн убакта дагы ал жашабайт жана жукпайт.
• Кийим, шейшеп, сүлгү ж.б. гигиена буюмдары, туалет аркылуу. ВИЧи бар суюктук кийимге түшкөн учурда ал сырткы чөйрөдө тез эле өлөт. Эгерде ВИЧ адамдын «сыртында» бир нече саат же күн жашаганда, анда сөзсүз түрдө анын турмуштук түрдө жугуусу байкалмак, бирок бул эпидемиянын 20 жыл араалыгында бир да жолу болгон эмес.
(Русский) Симптомы заражения
Жугуунун алгачкы симптомдору-өзүнүн жаратылышы боюнча СПИД мүнөздүү өзгөчөлүккө ээ эмес, ал башка ооруларга жашынып жүрөт. Көпчү лү к бөлүгүндө эч кандай өзгөчөлүктөр билинбейт. Кээ биринде курч респиратордук инфекцияга окшогон абал билинет: дененин ысышы, алсыроо, тамактын сезгенүүсү жана баш оору, кээде-ич өткөк. Мындай абал эч кандай дарылоосуз эле 12-15 күндөн кийин өтүп кетет.
Симптомсуз мезгил – булл мезгилде адам ВИЧ оорулуу, бирок оорунун эч кандай симптомдору билинбейт. ВИЧ оорусу жуккандан кийин адам узак убакытка – 2 жылдан 10-12 жылга чейин ө зү н дени сак сезет. Булл убакыттын аралыгында анын көрүнүшү кадимкидей, жана ишке жөндөмдүү көрүнүп турат.
Жугуунун симптомдору. Дененин ар түрдүү бөлүктөрүндө лимфа түйүндөрүнүн туруктуу чоң оюшу, эч себепсиз 7 күнгө чейин созулуучу ич өткөктөр, 10 кг чейин себепсиз арыктоо, теридеги билинүүлөр: теринин бүт жерин каптаган тактар, көбүкчөлөр, бозоруңку өңөр, сиркектенип чыккан майда ысык жана ириң, теринин сезгенүүсү, түлөшү.
ВИЧти жугузууну алдын алуу
Тилекке каршы азыркы учурда ВИЧке каршы натыйжалуу вакцина иштелип чыга элек, Азырынча ВИЧти жугузуп алуу коркунучунан анын алдын алуунун жалпы чараларын көрүү гана каралган.
Коопсуз жыныс байланышы
Презервативди пайдалануу-ооруну жугузуп алуудан сактайт, бирок презервативди канчалык туура пайдаланган күндө дагы ал эч убакта 100% сактай албайт.
Презервативди пайдалануунун эрежелери:
• презерватив туура өлчөмдө болуп, чак болушу керек.
• презервативди жыныс байланышы башталгандан бүткөнгө чейин пайдалануу зарыл
• Ноноксинол-9у бар презерватив (спермициди менен) ооруну жугузуп алуу коркунучун жогорулатат, анткени ал былжыр челди кычыштыруу менен анда майда жаракаттардын пайда болуусуна алып келет да, натыйжада ооруну жугузуп алууга өбөлгө түзөт
• Презервативдин урук түшүүчү урчугунда жел калбашы керек, эгер жел калып калса, презерватив айрылып кетиши мүмкүн.
Эгерде жыныстык түгөйлөр өздөрүнүн оорулуу эмес экендигин тастыктагылары келсе, анда экөө тең ВИЧке текшерилүүсү керек.
Баңги заттарды пайдалануудан баш тартуу
Бир гана жолу пайдалануучу шприц жана башка медицина шаймандары
ВИЧ менен ооруган энелер балага эмчек эмизүүдөн баш тартышы керек
ВИЧти эрте изилдө ө -аны ийгиликтүү дарылап, аны менен ооруган адамдын жашоо мөөнөтүн узартуу үчүн өтө маанилүү.
