Жизнь впереди

Жизнь впереди

Рубриканын архиви ‘6. Дарылоо ’

Дарылоонун башталышы

Жазылды %s admin марта - 28 - 2009

Дарылоону өз убагында баштоо үчүн ВИЧ оорулуулардын абалын үзгүлтүксүз көзөмөл талап кылынат. Оорунун белгилеринин жоктугун карабастан атайы СПИД борборлродо текшерүүдөн өтүүлөрү зарыл. Эгерде оорунун күчөшүн, СПИДдин өрчүшүнүн башталышын өз убагында аныктаса, анда дарылоо ийгиликтүү жүрүп, оорунун күчөшү төмөндөтүлөт. Борборлордо анализдер жүргүзүлүп, оорулуунун жалпы абалы бааланып, оппортунисттик инфекциялар аныкталат жана дарыланат.
Имунитеттин абалынын нормалдуу көрсөткүчтөрү СПИДдин бар экендигин четке кагат, демек ойдогудай жашап, ар кандай сасыктумоолордон коркпой эле койсо болот.

Медикаментоздук дарылоону дайындоо

Жазылды %s admin марта - 28 - 2009

Дрылоо ар түрдүү вируска каршы дарыларды кабыл алууну билдирет. Бүгүнкү күндө ВИЧ-инфекциядан толугу менен айыктыруучу дары-каражаттары жок. Вирус адамдын организминде анын тритерапия алгандыгына карабастан өмүр бою кала берет.
Три-терапия – вирустун көбөйүүсүнө жол бербөө үчүн үч же төрт ар түрдүү вируска каршы дарыларды кабыл алуу.
ВААРТ – бул жогорку активдүү ретровируска каршы дарылоо. ВААРТ термини ВИЧ тин көбөйүүсүн басаңдатып, ВИЧ тин санын белгисиз деңгээлге чейин жеткирип жана аны далай адамдарда көптөгөн жылдар бою колдоп келген вируска каршы дарылоонун бардык схемасына таандык.
Резистенттүүлүк – бул вирустун же бактериянын дарылардын таасирине баш ийбөө (каршылык көрсөтүү, каршы туруу) жөндөмдүүлүгү. Крос-резистенттүүлүк – бул вирустун же бактериянын көп сандагы дарылардын тобунун таасирине жооп бербөө жөндөмдүүлүгү. Резистенттүүлүк вирустун мутациясынын негизинде өрчүйт.
Дарылоону жактоочулук – бул врачтын белгилөөсүнө жакшы мамиле кылуу. Дарылоонун натыйжалуулугу, баарынан мурда, аны алып жаткан адамдын жактоочулук деңгээлине көз каранды.

Дарылоону жактоочулук-бул төмөнкүлөр:
• Адамдын ретровируска каршы дарылоону кабыл алуунун аң сезимдүү чечимге келиши.
• Адамдын дары-каражаттарын кабыл алуу режиминин татаалдыгына карабастан сактоого даярдыгы.
• Кошумча натыйжалардын болушуна карабастан дарыланууну улантуу даярдыгы.
• Дарыны кабыл алууну бир да жолу калтырбоо керек экендигин түшүнүү.
Кошумча натыйжалар – бул дарылардын организмге жагымсыз таасир берүүсү. Вируска каршы дарыларды кабыл алууда кээ бир адамдарда ич өткөк, терисине ысык чыгуу, жүрөк айлануу жана кусуу,организмдин кээ бир жерлерине май байлашы жана башка жагымсыз натыйжалар пайда болушу мүмкүн. Кошумча натыйжалардын бир бөлүгү акырындык менен тарап кетет, калгандарына врач жардам берет. Кошумча натыйжалардын кесепетинен дарылануудан баш тарткан да адамдар болот.
Тритерапияны кабыл алуунун биринчи бир жарым айы – өтө күчтүү жана жагымсыз кошумча натыйжалардын сезилүү убактысы. Бул убакыт өткөндөн кийин эле кошумча натыйжалар жоголуп кетет.
Дарыны дайындоо мезгилде врачтан төмөкүлөрдү суроо керек:
Дарыларды кабыл алууда кандай кошумча натыйжалар болушу мүмкүн?
• Алар канчалык коркунучтуу?
• Кошумча натыйжаларды кантип төмөндөтсө болот?
• Врачты дароо эле кабардар кылуу жагдайы болушу мүмкүнбү?