ВИЧ – Адамдын Иммуножетишсиздик Вирусу. ВИЧ – адамдын гана организминде жашоочу вирустардын катарына кирет. ВИЧ иммундук системанын оорусун пайда кылат-иммуножетишсиздик.ЛЖВС – ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар.
ЛПВС (ВСЖА) – ВИЧ-инфекция/СПИДден жабыркаган адамдар.
ПИН (БИК)- баңгизатты ийне аркылуу керектөөчүлөр.
БППП (ЖЖБО) -жыныс жолу менен бериле турган оорулар.
СПИД – кабылданган иммуножетишсиздик синдрому, ал бир нече айдан 2-3 жылга чейин созулуучу, ВИЧ инфекциясынын акыркы стадиясы.
Синдром – бул белгилүү ооруга мүнөздүү болгон симптомдордун айкалышы. СПИД менен ооруган адамдарда көптөгөн ар түрдүү симптомдор (ден-соолуктун начарлашынын белгилери) жана оппортунисттик оорулар пайда болот.
Кабылданган – анткени бул оору генетикалык жол менен тукум куучулук эмес, жугузуунун натыйжасында пайда болот.
Иммуножетишсиздик - бул иммундук системанын иштешинин бузулушу, анын натыйжасында организм башка инфекцияларга каршылык көрсөтүү жана өзүнүн бузулган органдарын калыбына келтирүү жөндөмдүүлүгүн жоготот.
Иммундук система төмөнкүлөр үчүн керек:
- Организмдин эскирген клеткаларын алмаштыруу үчүн
- Организмге ар түрдүү инфекциялардын; вирустардын, бактериялардын, грибоктордун кирип кетишинен коргоо үчүн
- Биздин денебиздин инфекциялар жана башка терс таасирлер (радиация, уулануу, механикалык жабыркоо ж.б.) аркылуу жабыркаган бөлүктөрүн оңдоо, башкача айтканда вирустар, бактериялар, грибоктордон пайда болгон жаракаттарды айыктыруу, клеткаларды калыбына келтирүү үчүн.
СД 4 (Т4) клеткалары – организмдин инфекцияга болгон иммундук реакциясын көзөмөлдөйт, ВИЧ пайда болгон учурда алар жок болушат, себеби ВИЧ ошол клкеткалардын ичинде көбөйүшөт. Натыйжада иммундук система алсырайт.
ВИЧ кандай жолдор менен жугат:
- жыныстык катнашуу учурунда жыныстык түгөйдүн денесине оорулуу адамдын канынын, уругунун жана көңдөй суюктуктарынын териде жана былжыр челдеринде пайда болгон майда жаракаттарга киришинен жугат.
-белгилүү бир тазалоодон өтпөгөн канды же анын компоненттерин куюудан жугат.
- зыянсыздандырылбаган хирургиялык, инъециялык аспаптарды, ар кандай заттарды (анын ичинде баңгизаттарды) куюуучу ийнелерди колдонуудан, кулакты көзөөдөн, татуировка түшүрүүдөн, аккупунктуралык ийне сайдыруудан, гастро- жана колоноскоп сыяктуу дагы башка медициналык шаймандарды колдонууда теринин жана былжыр челдердин жабыркоосунан жугат
-плацентардык кабаттын жабыркоосунан жугат: плацентардык кабат – эненин ичинде жаткан балага ар кандай инфекцияларды жолотпой турган ишеничтүү коргоочу, эгерде ал жабыркаган болсо, анда вирустар жана бактериялар түйүлдүккө эч тоскоолсуз эле кирет.
- жаңы төрөлүп жаткан баланын териси же былжыр чели жаракаттанган болсо, оорулуу эненин төрөт органдарындагы кан жана көңдөй суюктуктарынын баланын организмине кирип кетишинин натыйжасында жугат
- оорулуу эне балага эмчек эмизген учурда жугат, себеби эмчек сүттө вирус балага жуга тургандай жетиштүү санда болушу мүмкүн.
Вирустук көрсөткүч – бул кандын плазмасындагы вирустун санынын көрсөткүчү . Вирустук көрсөткүчтү аныктоочу анализ адамдын организминде вирус канчалык тездик менен көбөйөөрүн көрсөтөт. Вирустук көрсөткүч – РНК ВИЧ көчүрмөлөрүнүн миллилитрлеген саны менен ченелет.
ВИЧ ти анализдөө – кандагы антителолордун санын аныктайт. Вирустун пайда болору менен антителолор дароо иштелип чыкпайт, ошондуктан ВИЧ тин организмде бар экенине карабастан анализ таза чыгышы мүмкүн.
ВИЧ – оң статус – организминде ВИЧ бар адамдын статусу.
СПИД -борбор – бул ВИЧ – инфекция боюнча атайы бейтапкана, ал жерге ВИЧ – инфекцияга байланышкан бардык суроолор боюнча кеңештер ошондой эле медициналык жардам үчүн кайрылса болот.
Симптом – организмдин оорулуу абалынын белгиси.
Тобокелдүү жүрүш-туруш – адамдын ВИЧти жуктуруп алуу же бирөөгө жуктуруу ыктымалдыгын арттырган ар кандай жүрүш-туруш: корголбогон жыныстык катышуу, баңгизатты ийне менен сайынуу ж.б.
Аялуу топтор- бул социалдык-экономикалык жана жүрүш-туруштук ар кандай себептер менен ВИЧти жуктуруунун көбүрөөк тобокелдигине кабылган адамдар.
